Жакынкы сааттарда Бишкекте катуу шамал күтүлөт

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталат. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.

Чыгыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

“ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет. Өзгөчө электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз “112” кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат”, — деп жазылат маалыматта.