«Жалал-Абад» аэропортунун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт

«Кыргызстандын аэропорттору» ААК социалдык тармактарда тараган Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.

Аэропорттун курулушу улантылып жатат. Долбоор Сузак районундагы Багыш айыл аймагында ишке ашырылууда. Аэропорттун жалпы аянты 381 гектарды түзөт.

Учурда учуп-конуу тилкесин жана перронду куруу боюнча жер иштери 80 пайызга аткарылды. Ошол эле учурда аэровокзал комплексинин курулушу да жүрүп жатат — терминал имараты экинчи кабаттын деңгээлине чейин көтөрүлдү. Курулуш иштеринин айрым этаптарында болгон убактылуу техникалык тыныгуу аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу болгон. Бул ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда кадимки эле көрүнүш болуп саналат.

Азыркы учурда курулуш иштери улантылып жатат жана долбоор бекитилген графикке ылайык ишке ашырылууда. «Кыргызстандын аэропорттору» ААК коомчулуктан жана социалдык тармактардын колдонуучуларынан такталбаган маалыматтарды таратпоону өтүнөт. Компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолор боюнча маалыматты ишкананын басма сөз кызматы аркылуу тактоого болот.

Телефон: 0557 224 497.