Жалал-Абад милициясы айымдардын маанайын көтөрдү (видео)

Жалал-Абад шаардык милициясы жана жол тескөөчүлөр 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата мектеп окуучуларына жол эрежеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен биргеликте мугалимдерге жагымдуу маанай тартуулашты.

Окуучулар милициянын позитивдүү иш-чарасынан кийин ата-энелерине чалып, майрамдары менен куттукташты. Мындан сырткары, унаа айдаган айымдарга майрамдык гүлдөр таратылып, жол эрежесин бузбоого чакырышты.