Жалал-Абад облустук төрөт үйү убактылуу 1 айга жабылды

1-июндан 1-июлга чейин оңдоо жана дезинфекциялоо жумуштарына байланыштуу Жалал-Абад облустук төрөт үйү убактылуу 1 айга жабылды.

1-июндан тарта кош бойлуу энелерди кабыл алуу токтоп, энелер Сузак районуна караштуу Барпы аймагындагы А.Ташиева атындагы эне жана баланы коргоо борборуна жөнөтүлүп жатат. Ал эми 1-июнга чейин кабыл алынган 30дай энелер менен ымыркайлар өздөрүнүн абалына жараша ооруканадан чыгарылат. Облустук төрөт үйүндө жылына 6 миңдей ымыркай төрөлөт. Бул жерде 30дан ашык кызматкер эмгектенет.