Жалал-Абадга Кытайдын “Синофарм” вакцинасынын 85 миң дозасы жеткирилди

Жалал-Абад облусуна Кытайдын “Синофарм” вакцинасынын 85 миң дозасы жеткирилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда алар облустун бардык район-шаарларындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна жиберилди. Коронавирус инфекциясына каршы эмдөө аймактардагы калктын саны эске алынган шартта бөлүштүрүлгөн. Алардан эң көбү Сузак районуна 19 миң 283 доза жеткирилген.

Буга чейин облуста жалпы 13 миң 902 жаран COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү.