Жалал-Абад облусунда 7 жаран “Хизбут-Тахрир” уюмунан баш тартты

Жалал-Абад облусунда 7 жаран “Хизбут-Тахрир” уюмунан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан 20-23-декабрь күндөрү “Экстремист” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Анын алкагында, облус аймагында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында милициянын профилактикалык каттоосунда турган 7 жаран Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алардын ичинен 6 жаран Ноокен районунун 1 жаран Кара-Көл шаарынын тургундары. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, жарандарды ар кандай уюмдарга азгырылбоого чакырышты.

Мындан сырткары ушул мезгилге чейин кызматкерлер тарабынан экстремизмдин жана терроризмдин кесепеттери жөнүндө 628 жолу семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул жыйындарга укук коргоо жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын, бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери, коомчулук катышкан.