Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери жана ведомстволорунун сунушунун негизинде, 20-мартта Орозо айт намазын мечиттерде окуу чечими кабыл алынган. Аталган чечим Жалал-Абад облусунун аймагында да аткарылып, Орозо айт намазы бардык борбордук мечиттерде окулат.
Бул жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, диний ибадаттарды уюшкандыкта өткөрүү жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Майрам күнү коомдук тартипти сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытында тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.