Жалал-Абаддагы жалгыз «Алтын сертификаттын ээси» Тилек Өмүрбеков: «1-класска барганда эле көбөйтүү, бөлүүнү билчүмүн»

Кечээ, 27-июнь күнү 2022-жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан 57 окуучу алтын сертификатка ээ болгону маалымдалган. Жалал-Абад облусундагы 222 упай алып жалгыз «Алтын сертификатка» ээ болгон Токтогул районунун №4 орто мектебинин окуучусу Тилек Өмүрбеков СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыскача маек берди.

— Мени 1-класска барганда эле көбөйтүү, бөлүүнү үйрөтүп, математика билимине кызыктырып коюшкан. Атам орус тили мугалими, таятам физика-математика мугалими эле. Башында жакшы окуп, пайдубалды куруп алсаң жакшы экен, ошол нерсе мага көп жардам берди. Мектепте математикадан олимпиадага катышып жүрчүмүн. 6-класста республика боюнча биринчиликти алгам.

Чынында, ЖРТга атайын даярданган деле жокмун, олимпиадага барып жүргөнүм мага чоң жардам болду. Мурун олимпиадаларга катышып жүрүп көнүп калган окшойм, ЖРТ тапшырганда толкундануу деле болбоду. Жогорку упай алышыма класс жетекчим, математика мугалими Айзада Анарбаеванын эмгеги зор. Эжей мени 5-класстан бери даярдап келет.

ЖРТдан алдыңкы упайды аларыма өзүмө караганда жакындарымдын ишеними күч болду. Мен жогорку упай аларыма ишенгем, бирок «Алтын сертификатка» ээ болом деп күткөн эмесмин.

Жогоркуу окуу жай боюнча азырынча так пландар жок. Бирок программалоо багытын тандайм, балким, чет өлкөгө чыгып калышым да мүмкүн.