”Жалал-Абаддык туугандардан Ош шаарынын элине белек” деп жазылган, катар тизилген 10 жаңы унаа бүгүн, 23-августта Ош шаарынын мэриясына белек катары тапшырылды.
Унааларды Жалал-Абад облусунун тургуну, ишкер Асылбек Муратбеков Ош шаарында жасалып жаткан жумуштарды көрүп, мэрге колдоо катары алып келгендигин билдирип, ачкычтарын Жеңишбек Токторбаевге тапшырды.
Бул унаалар жакынкы күндөрү муниципалдык VIP-такси катары каттамга чыгарылат. Эске салсак, Ош шаарында муниципалдык такси кызматы ишке киргизилип жатат. Буга чейин да 15 электромобиль алынып келинген.