Жалал-Абад облусунун үч районунда күндүзгү стационарлар ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда күндүзгү стационарлар иштей баштады. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Замира Орунбаева күндүзгү стационарлардын абалы менен таанышты.