Жалал-Абад ОИИБде жаӊы дайындалган жетекчилер өздүк курамга тааныштырылды

Жалал-Абад ОИИБде жаӊы дайындалган жетекчилер өздүк курамга тааныштырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бүгүн, 14-августта Жалал-Абад ОИИБде жаӊыдан кызматка дайындалган жетекчилер өздүк курамга тааныштырылды. ИИМдин буйругуна ылайык, милициянын полковниги Руслан Кадыров Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин криминалистикалык  кызматынын башчысы кызматына милициянын майору Нургазы Саматов дайындалды.

Жаӊы дайындалган  жетекчилерди Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов куттуктап, ден соолук жана иштеринде ийгиликтерди каалады.