Жалал-Абад ОИИБге жаӊы кызматкер тааныштырылды

Бүгүн, 5-августта Жалал-Абад ОИИБдин имаратында ИИМдин буйругунун негизинде кызматка дайындалган кызматкер өздүк курамга тааныштырылды.

Милициянын кенже лейтенанты Улукбек Сулайманов Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын улук инспектору кызматына дайындалды. Мурдагы Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын улук инспектору, милициянын полковниги Нурдин Жээнтаев Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү мыйзамына ылайык ардактуу эс алууга жиберилди.