Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети дароо үч окууда кабыл алды.
3-сентябрда Жалал-Абад шаардык кеңештин сессиясында мэр Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүүнү сунуштаган. Шаардык кеңештин депутаттары бир добуштан колдоп беришкен.











