Жалал-Абад шаарында санитардык талаптар күчөтүлөт (сүрөт)

Жалал-Абад шаарында санитардык талаптар күчөтүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда шаарда коронавирус илдети күндөн-күнгө күчөп, эпидемиологиялык абал оорлошуп жатат. Мындан улам бүгүн, 7-июнда шаардык ыкчам штабдын отуруму өткөрүлүп, алдын алуу иш-чараларын күчөтүү боюнча чечим кабыл алынды.

Мындан ары шаардык мэриянын алдында түзүлгөн жумушчу топ жума сайын менчигинин түрүнө карабай соода түйүндөрүндө, базарларда, ресторандарда, тойканаларда, коомдук тамактануучу жайларда, өнөр жай ишканаларында, калкты тейлөөчү оюн-зоок жайларында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде санитардык эрежелердин сакталышына рейддерди жүргүзөт. “Борбордук”, “Береке”, “Шабдалы”, “Адилет” базарларында атайын графиктин негизинде жума сайын санитардык күн уюштурулат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө шаардын беш тургуну аталган илдет менен ооруканада дарыланып жатса, 35 бейтап амбулатордук көзөмөл астында. Жыл башынан бери шаар аймагында COVID-19 жуктурган 124 учур катталган.