Жалал-Абад шаарында тилемчилик кылган 43 жаран аныкталды. Алардын көбү Өзбекстандан келгендер

Бүгүн, 19-августта Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан «Тилемчи» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык мэриянын кызматкерлери жана социалдык адистер менен биргеликте коомдук жайларда тилемчилик кылган жарандардын жашаган жерлерин аныктоо иштери жүргүзүлгөн. Таң эрте Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы жана Ленин көчөлөрү текшерилип, тилемчилик менен алектенгендер турак үйдү убактылуу ижарага алышып, жашап келишкендиги белгилүү болду.

«Алар Жалал-Абад ШИИБге алынып келинип, өздүктөрү аныкталып, тиешелүү документтери текшерилди. Натыйжада алардын ичинен 24 жаран Өзбекстандын Бухара жана Кашка-Дарыя облустарынан келгендиги аныкталды. Ал эми 19 жаран Ош облусунун Кара-Суу районунан келген лөлү тектүү жарандар экендиги такталды. Жалпысынан тилемчилик менен алектенген 43 жаран аныкталып, алардын ичинде 70 жашка чыккан карыя, 18 өспүрүм жана 4 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болгон. Аларга милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймактарына жөнөтүлдү»,— деп айтылат маалыматта.