Жалал-Абад шаарындагы жаңыланган “Курманбек” стадиону ачылды

Кечээ, 15-майда Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадиону толугу менен реконструкцияланган соң пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине УКМК төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Алгачкы футбол беттеши Жалал-Абаддын “Мурас Юнайтед” клубу менен Бишкектин “Илбирс” командаларынын ортосунда болуп өттү. Оюндун жыйынтыгында “Мурас Юнайтед” 3:1 эсебинде “Илбирсти” жеңди.

“Курманбек” атындагы стадион 1967-жылы ашар жолу менен курулган. Ал эми 2015-2016-жылдары аталган стадиондун айрым бөлүктөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Бирок стадион эл аралык мелдештерди өткөрүү талаптарына жооп бербегендиктен, 2024-жылдын башында стадионду заман талабына төп келтирүү үчүн реконструкциялоо иши башталган. Жаңыланган стадион эл аралык талаптарга толугу менен жооп берет жана өлкөдөгү алгачкы гибриддик оюн талаасына ээ. АФК жана КФБ талаптарына дал келген жарыктандыруу жана мониторлор орнотулган. Стадион короосунда чакан эс алуу багы жана спортчулар, машыктыруучулар, коноктор жага күйөрмандар үчүн бардык шарттар жогорку деңгээлде түзүлгөн. Мындан сырткары, футболчулардын коопсуздугу үчүн футбол талаасынын айланасы тосулуп, ал менен катар стадиондун сырткы короосунун тосмолору алмаштырылды. Стадиондун футбол талаасы жана жарыктандыруусун жаңылоо демөөрчүлөр тарабынан каржыланса, калган курулуштар шаар казынасынан жасалды. Ага дээрлик 70 миллион сомдон акча каражаты жумшалды.

“Курманбек” атындагы стадиондун учурдагы жалпы аянты 3,68 гектарды түзөт. Ал эми кезинде жеке жактарга өтүп кеткен стадиондун 0,54 гектар жер аянтын кайтарып алуу боюнча иш шаардык сотто каралып жатат. Ал жер аянттар стадионго кайтарылса көрктөндүрүү, жашылдандыруу иши колго алынып, максаттуу пайдалануу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлөт.

Аземде чакан концерттик программа көрүүчүлөргө тартууланды.