Жалал-Абад шаарынын аймагын көрктөндүрүү үчүн үч айлык жарыяланды

Жалал-Абад шаарында көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу калаанын башкармалыгынан билдиришти.

Аталган демилге Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, Жалал-Абад шаарынын аймагын абаттоо, архитектуралык талаптарга ылайык келтирүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча атайын үч айлык жарыяланган.

«1-марттан 1-июнга чейин шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү багытында иштер аткарылат. Ошондуктан калаа тургундарын, менчигинин түрүнө карабай бардык мекеме-ишканаларды ишембиликтерге активдүү катышууга чакырабыз», — деп билдиришти мэриядан.