Бүгүн, 3-сентябрда Жалал-Абад шаардык кеңештин сессиясында мэр Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүүнү сунуштады.
Шаардык кеңештин депутаттары бир добуштан колдоп бергенин мэриядан билдиришти.
Белгилей кетсек, шаардын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңеште каралып, мыйзамга президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
«Турмуш» басылмасы Жалал-Абад шаарынын аталышы Манас болуп өзгөрө турганын жазды.