Жалал-Абадда 1 окуучунун «Алтын сертификат» алышы. Билим берүү тармагында ийгиликсиз иштегендердин жумуш орду каралары айтылды

Кечээ, 12-июлда Жалал-Абад облусунда алты айдын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев быйылкы окуу жылында ЖРТнын жыйынтыгы менен облус боюнча бир гана окуучу «Алтын сертификатка» ээ болгонун белгилеп, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларынын ишин сынга алды. Ошондой эле көп жылдан бери жетекчилик кызматты аркалап, билим сапатынын өнүгүүсүнө салым кошпогон кызматкерлердин жумуш орду караларын айтты.