Жалал-Абадда 10 миң орундуу жаңы мечиттин курулушуна мезгил кутусу салынды

Бүгүн, 10-июль күнү Жалал-Абад шаарындагы “Имам Аль-Бухарий” борбордук жума мечитинин ордуна курулуп жаткан 10 миң кишиге ылайыкташкан мечитке мезгил кутусу салында. Саамалыка Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Апсаттар Сыргабаев, облус казысы Нематулла Жээнбеков жана шаардагы дин кызматкерлери, аксакалдар катышты.

Камчыбек Ташиев: «Буюрса, бул мечит мусулман коомунун ири борборлорунун бири болуп калат. Коомубуздун адеп-ахлагын, диний сабаттуулугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдеген ыйык жайга айланат. Курулуш иштерине президентибиз Садыр Жапаров да кол кабыш кыларын белгилеп, жергиликтүү эл-журтка өз саламын айтты. Курулуш иштеринин жүрүшүнө жеке өзүм көз салып турам», – деди.

Мезгил кутусу салынган бул мечиттин ичинде 10 миң адам, сыртында 5 миңге жакын адам намаз окууга ылайыкташып, жер төлөсүндө 1 миң унаага ылайыкташкан автоунаа токтотуучу жайы менен курулууда. Диний объектиде заман талабына жооп берген бардык зарыл шарттар камтылат. Мечиттин курулуш иштерин каржылоо жагын Камчыбек Ташиев колго алган. Мечиттин курулушуна салым кошууну каалагандар «Эл тилеги» фонду аркылуу колдоо көрсөтсө болот.

Жаңы курула баштаган бул мечиттин ордунда мурда 1990-жылдары ашар жолу менен курулган эски кичинекей мечит болгон. Жаңы мечиттин курулушу 2,5 жылда аяктап, пайдаланууга берилет.