Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган үй-бүлөлөргө көчүп чыгуу боюнча эскертүү нускамалар берилүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Башкармалыктын район-шаардык бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана жергиликтүү көчүрүү комиссиясынын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кооптуу аймактан биротоло көчүп чыгуу керек экендиги эскертишүүдө.
Белгилей кетсек, 1074 үй-бүлө кооптуу аймакта күнүмдүк тиричилигин улантып келишет, тургундардын басымдуу бөлүгү Сузак районунда жайгашкан.