Жалал-Абадда 13 жаштагы Жоробек Акимжанов базарга кеткен боюнча дайынсыз болууда

13 жаштагы Акимжанов Жоробек Асылжанович изделип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-июнь күнү саат 13:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Живпром участкасынын 2008-жылы туулган тургуну Сузак районунун Саты айылындагы чоң энесинин үйүнөн чыгып, Жалал-Абад шаарынын борбордук базарына барган боюнча дайынсыз болууда.

Белгилери: Бою 150-155 сантиметр, өңү ак жүздүү, чачы кыска кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Боз түстөгү футболка, кызыл түстөгү кепка, ак түстөгү жайкы бут кийим болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Акимжанов Жоробек Асылжанович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо (03722) 102, 0555 10 23 05, 0771 93 60 70 номурлары аркылуу билдирсеңиздер болот.