Жалал-Абадда 14 жаштагы өспүрүм 11 күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
31-март күнү Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин РӨКОнун №2 ӨКИОдон 5 куткаруучу, Базар-Коргон райондук №78 ӨКБдан 6 куткаруучу тартып, үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон өсүпрүмдү Ак-Булак тилкесинен издешүүдө.