Жалал-Абадда дайынсыз болгон өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылынын 2009-жылы туулган тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.
Издөө иштери бүгүн да улантылып, Базар-Коргон райондук №78 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу, райондук Ички иштер бөлүмүнөн 5 кызматкер жана жергиликтүү жашоочулар тартылган.