Жалал-Абадда 14 жаштагы өспүрүм президентке кат жазган. Ага футболго билет беришти

23-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жаӊы-Арык айылынын тургуну, 9-класстын окуучусу Адилет Раев  президент Садыр Жапаровго кат жолдогон. Ал өз катынын мазмунунда футболго кызыгарын, «Барселона» футболдук клубунун оюнчулары менен жолугушууну абдан каалап жаткандыгын, бирок билет сатып алууга мүмкүнчүлүк жок экендигин айтып кайрылган.

Бүгүн, 28-августта Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов 14 жаштагы Адилетти ата-энеси менен кабыл алып, 29-августта саат 17:00дө «Курманбек» стадионунда боло турган футболдук оюнга билет тапшырды.