Жалал-Абадда 15 жаштагы өспүрүм 10 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Сузак районунун Винсовхоз айылынын 2007-жылы туулган тургуну Абдумалик Султанбаев 3-июнь күнү саат 10:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болууда. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Учурда баланын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Көзү ачык болгон сүрөтүн милиция берүүдөн баш тартты.

Белгилери: бою 140-150 сантиметр, кашы-көзү кара, дене түзүлүшү арыкчырай. Бир аз кекечтенип сүйлөйт.

Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү футболка, көк түстөгү шорта, бутунда кара түстөгү кроссовка болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Абдумалик Султанбаев боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, төмөндөгү номерлерге кабарлап коюуну суранышат: 03722 7-39-90, 102, 0553780078, 0771936070.