Жалал-Абадда 15 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издөө иштери атасынын катынын негизинде токтотулду

Жалал-Абадда 31-марттан бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

31-март күнү Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. 13-апрель күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден 17 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган. Издөө иштери баланын атасынын ыраазычылык катынын негизинде токтотулду. Натыйжа болгон эмес.