Жалал-Абадда 1500 окуучу Манас айтты (видео)

26-апрелде Жалал-Абад шаарындагы «Барса» футбол академиясынын стадионунда 1500 окуучу “Урааным Манас” аталышындагы Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынагынын алкагында Манас айтышты. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев катышып, Манас айтып жаткан окуучуларга ийгилик каалашты.