Жалал-Абадда 19 жаштагы келин тун уулун төрөп, 200 миң сом алды

Жалал-Абадда 7 миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн наристеге сүйүнчү акча тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жети миллионунчу кыргызстандык менен бир учурда төрөлгөн наристенин үй-бүлөсүнө барып, 200 миң сомдук сүйүнчү каражаттын сертификатын тапшырды.
Ушул жылдын 19-октябрь күнү Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жеткен. Ага катар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыр-Жол айылынын 19 жаштагы тургуну Сардиана Омуралиева да тун уулу жарыкка алып келип, ал 7 миллионунчу балага удаалаш төрөлгөн. Облус башчысы аталган үй-бүлөнү куттуктап, президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 200 миң сомдук сүйүнчү каражаттын сертификатын тапшырды.