Жалал-Абадда 23 жаштагы Гаухорой Абдукаххарова дайынсыз болуп жатат

2001-жылы туулган Абдукаххарова Гаухорой Абдувахидовна 21-апрель күнү саат 08:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 160-170 сантиметр, өңү кара тору, кашы-көзү кара, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү жолук, кызыл түстөгү халат, көк түстөгү жайкы сланцы болгон.

Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 102, (03736) 5 02 61, 0997 30 10 15 номурларына ччалсаңар болот.