Жалал-Абадда 36 жаштагы келин 2 кыз, 1 уулу менен дайынсыз болуп жатат

Базар-Коргон районунун Жаңы-Акман айылынын тургуну 1988-жылы туулган Абдалиева Наргиза Эркиновна 28-февраль күнү 11 жана 7 жаштагы кыздары, 2 жаштагы уулу менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда келиндин жана анын балдарынын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Келиндин өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, ак-саргыл өңдүү, чачы кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Ак-саргыл түстөгү куртка, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Наргиза Абдалиева жана балдары тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөндөгү дарекке кабарлап коюуну суранышат.

Тел.: 102, (03736) 5-02-61, 0224 00 00 15.