Жалал-Абадда 54 жаштагы киши 25-августтан бери табылбай жатат

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан жаран изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Таш-Көмүр шаарында 25-август күнү саат 07:00 чамасында 1969-жылы туулган эркек киши үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө Таш-Көмүр шаардык №57 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет.