Жалал-Абадда 56 жаштагы Гүлнара Токторбаева февраль айынан бери дайынсыз болууда

Майлуу-Суу шаарынын 1966-жылы туулган тургуну Токторбаева Гүлнара Латиповна 2022-жылдын февраль айынан бери байланышка чыкпай, дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Учурда Токторбаева Гүлнара Латиповнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 150-155 сантиметр, чачы кыска кара түстө, ак жүздүү, дене түзүлүшү орто, оң бутуна аксап таяк таянып басат.

Кийген кийимдери: үстүндө кара-кызыл гүлдүү көйнөк, бутунда резина тапочка болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Токторбаева Гүлнара боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, 03744-5-06-33, 102, 0755-66-62-88, 0558-99-80-81 номурларына чалыңыздар.