Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында кечээ, 28-май күнү саат 19:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 65 жаштагы аял изделүүдө.
Каныш-Кыя айылынын Маданият көчөсүнүн тургуну 1960-жылы туулган аял киши үйүнөн чыгып, ошол бойдон кайтып келбей жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бүгүн, 29-май күнү издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, 2 дрон, ИИМден 14 кызматкер жана жергиликтуу тургундардан 20 адам, жалпы 39 адам тартылды.