Базар-Коргон районунун Көк-Алма айылынын тургуну 1985-жылы туулган Батирбек Жураев 2022-жылдын 26-июль күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө, сары жүздүү, чачы кара кыска, психикалык жактан жабыркайт, эс тутуму начар, 2-топтогу майып.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү футболка, шым, ботинка болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Батирбек Жураев тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, милиция кабарлап коюуну сурайт. Номурлар: 102, (03736) 5 02 61, 0776 10 30 30.