Жалал-Абадда 9 жаштагы Сумая Хосилжанова мектепке кеткен бойдон дайынсыз болууда

Жалал-Абад облусунун Сузак айылынын тургуну 2012-жылы туулган Хосилжанова Сумая Уткирбековна 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке окууга кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Учурда 9 жаштагы Сумаянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 120-130 сантиметр, өңү кара тору, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, үстүндө ак көйнөк, боз түстөгү жемпер, көк түстөгү куртка, кызгыл түстөгү бут кийим болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Хосилжанова Сумая Уткирбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 102, (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70 номурларына кабарласаңыздар болот.