Жалал-Абадда 9 өспүрүмдүн ата-энесине 1 миң сомдон айып салынды

Жалал-Абаддагы түнкү рейдде 9 өспүрүм милиция бөлүмүнө жеткирилип, дайынсыз болуп жаткан 1 бала табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Шаар аймагындагы көчөлөрдө 22:00дөн кийин чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн жана компьютер клубдарында оюн ойноп жатышкан 9 өспүрүм аныкталган. Алардын баары Жалал-Абад ШИИБге жеткирилип, ата-энелерине тапшырылып, тынымсыз көзөмөлгө алуу зарылдыгы катуу эскертилген. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесинин (ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде ата-энелерге 1000 сомдон айып пул салынды. Ошондой эле Ош облусунун Ноокат районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жүргөн 1 өспүрүм табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.