Жалал-Абадда Айт намазы мечиттерде гана окулат

Архив

Жалал-Абад облусунда Айт намазы мечиттерде гана окулат. Бул тууралуу облустук штабдын отурумунда айтылып, шаар-район башчыларына жана тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков пандемиялык шартка байланыштуу Айт намазы мечиттерде гана окулуусун көзөмөлгө алуу керектигин айтты. Бардык мечиттерде аралык, санитардык талаптардын сакталышы жана коомдук коопсуздукту көзөмөлгө алуу жагына басым жасалды.

Маалым болгондой, дубанда 687 мечит бар. Анын ичинен 270 мечитте жума намаз окулат.