Жалал-Абадда Аксы окуясында курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 17-мартта Жалал-Абадда Аксы окуясында курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облустундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Аксы районунун Боспиек айылындагы Аксы окуяларынын курмандыктарына арналып орнотулган эстелик монументине гүл койду. Андан соң курман болгондорго багышталып куран окулду.

Анда облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев 19 жыл мурдагы окуя мамлекеттеги адилетсиздик менен кландык башкарууга каршы чыккан аксылыктардын эрдигине токтолуп, тилекке каршы, нааразычылыкка чыккандарга каршы ок атылып, кан төгүү менен коштолгонун, кесепетинен көптөгөн жарандар жабыр тартканын айткан.

«Алардын эрдигине жыл өткөн сайын тарых өз баасын берип жатат»,— деп билдирген ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-мартта Аксы окуясына 19 жыл толду. Аталган окуя Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилип кеткенине нааразылыктан улам чыккан окуя катары сыпатталат. 2002-жылы 5-январда ошондогу Жогорку Кеңештин депутаты, президентке импичмент жарыялоо ниетин билдирген Азимбек Бекназаров камакка алынган. Аны бошотуу, жерди кайтарып алуу талаптары коюлган нааразылыктар кан төгүүгө алып келген. 17-мартта куралсыз демонстранттарга тартип коргоо органдары ок чыгарган. 6 киши мерт кетип, кийин аларды колдоп ачкачылыкка чыккан дагы 1 жаран көз жумган.