Жалал-Абадда блогер кармалды

Жалал-Абад шаарында «Айка Мусаева» деп аталган белгилүү блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Келип түшкөн арыздардын жүрүшүндө, кармалган адам Сузак районунун ишкерлеринен жана колунда бар жарандарды «социалдык тармактарга терс сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялайм» деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. Учурда тергөө амалдары менен 120 миң жана 80 миң сом акча талап кылуу жана алуу боюнча 2 факты аныкталган.

Кээ бир учурларда ал УКМК менен байланышы бар экенин айтып, кызыкдар болгон тараптар менен сүйлөшүп алып, өз ара пайыздык ченемдерди макулдашып, акчалай карыздарын кайтарып берүү боюнча жеке кызмат көрсөткөн.

Сузак айылдык кеңешинин спикери менен алдын ала сүйлөшүп алып, ал дагы кармалган. Учурда бул адамдардын кылмыштуу аракеттеринин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.