Жалал-Абадда Чубак ажы Жалилов атындагы мечит ачылды

Кечээ, 17-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит ачылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Саамалыкка муфтий Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Чубак ажы Жалиловдун атасы, уулдары катышты.

Мечиттин ачылышынын урматына карат Жалал-Абад облусунун аймагындагы медреселерде билим алып жаткан жаштардын ортосунда Куран айтуу боюнча жарыш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө жана жалпы катышуучуларга акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

«Аалым Чубак ажы Жалилов» мечитинин курулуш иштери 2019-жылдын сентябрь айында башталган. Анын пайдубалына Чубак ажы Жалилов өзү капсула салган болчу. Аталган мечит аалым Чубак ажы Жалиловдун аты ыйгарылган Кыргызстандагы алгачкы мечит болуп калды.