Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы кыз табылды

Жалал-Абадда 12 жаштагы кыз дайынсыз болуп, изделип жаткан. Ал кечээ, 26-январда табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын жакындары билдиришти.

Милицияга кыздын атасы кайрылып, кызы үйүнөн мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Милиция анын мектепке барганын, мектептен классташы менен чогуу чыкканын тастыктаган.