Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Жалал-Абадда 14 жаштагы өспүрүм дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.
31-март күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.