Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан Дастан Кубатбеков аэропорттон табылды

Дайынсыз болуп жаткан Дастан Кубатбеков аэропорттон табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Буга чейин Сузак районунун 1996-жылы туулган тургуну Дастан Кубатбеков дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу милицияга кабарланган. Ал 24-февраль күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайда экендиги белгисиз болуп жаткан. «Бул маалымат жарыялангандан кийин кайдыгер эмес жарандардын маалыматтарынын негизинде Дастан Кубатбековдун Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунда жүргөндүгү белгилүү болгон. Аны аэропорттун коопсуздугун камсыз кылган милиция кызматкерлери таап, жашаган аймагына жөнөтүлгөн. Дастан туугандарына өткөрүп берилди», — деп айтылат маалыматта.