Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан жигит дагы эле табыла элек

Кечээ, 10-майда ӨКМ маалымат таратып, Жалал-Абаддын Жаңы-Базар айылында 18 жаштагы жигит дайынсыз болуп изделип жатканын билдиришкен. Бүгүн, 11-майда ӨКМден маалымат беришип, жигит табыла электигин, издөө иштери жүрүп жатканын айтышты.

Ал эми СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБге кайрылып, жигиттин эшикке чыккан бойдон кайрылып барбаганы маалым болгон. Жигитти апасы «мал тейлейли» деп издеп, таппай калганы айтылган.