Эгемендүүлүк күнүнүн алкагындагы негизги иш-чаралар 30-августта Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Азыркы тапта 800гө жакын маданият жана өнөрпоз адамдары, 100гө чукул уюштуруу жана техникалык кызматкерлер даярдык көрүүдө.
Мамлекеттик деңгээлдеги бул чоң иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу максатында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташууда. Майрамдык программанын алкагында концерттик номерлер, театрлаштырылган көрсөтүүлөр, патриоттук чыгармалар жана ар түрдүү маданий иш-чаралар камтылган.