Жалал-Абадда Жаңы жыл майрамы шаңдуу белгиленди

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Жаңы жыл майрамы өткөрүлдү. Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, тургундар катышты.
Саамалыкта сөз сүйлөгөн облус өкүлү жалпы жарандарды кирип келген жаңы 2023-жыл менен куттуктады. Облус башчысы 2022-жылы аткарылган бир катар алгылыктуу иш аракеттерди белгиледи. Келээрки жылы да Жалал-Абад облусунун аймагын, калктын жашоо шартын жакшыртуу багытындагы жумуштар улантылаарын кошумчалады.