Жалал-Абадда жаңы спорт сарай салынат

Жалал-Абадда жаңы, заманбап, 5200 орунга ылайыкташкан спорт сарай салынат. Бүгүн, 22-июнда анын курулушуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев капсула салды.
Жаңы спорт сарай мурдагы “Айти” базардын ордуна салынып жатат. Ал көп функционалдуу болуп, эл аралык турнирлерди өткөрүүгө, машыгууга бардык шарттар түзүлөт. Имарат үч бөлүктөн туруп, чоң спорттук аянтча, олимпиадалык стандарттагы бассейини болот. Кошумча сыртында 200 орунду унаа токтотуучу жайы курулат.
Быйыл эгемендик күнүн утурлай Жалал-Абадда Бокс академиясы пайдаланууга берилсе, андан башка бир топ спорттук мекемелер оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул иштердин баары өлкө жетекчиси Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлү астында ишке ашууда.