Жалал-Абадда жер титиреди

Бүгүн, 25-август күнү саат болжол менен 05:11 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл, Кош-Булак айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.