Жалал-Абадда жер титиреди

30-октябрда саат 21:07де Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Чарбак айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Көк-Алма айылынан 6 чакырым түштүк тарапта, Каду айылынан 7 чакырым батышта, Көк-Жаңгак шаарынан 25 чакырым түндүк-батышта жана 35 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

Чарбак жана Көк-Алма айылдарында жер титирөөнүн күчү 2 баллга жеткен.